Ленин районунда тышкы жарнаманы тартипке келтирүү боюнча рейд жүргүзүлдү.

Райондун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында, акимчиликтин, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын,   №5 МАБдын жана “Бишкекбашкыархитектура” ММнин кызматкерлери Манас проспектисинде Токтогул көчөсүнөн баштап Бөкөнбаев көчөсүнө чейин рейд өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө өз билемдик менен орнотулган уруксат берүүчү документтери жок көрнөк-жарнамалар алынды. Ошондой эле тышкы жарнаманы  жайгаштырууну тартипке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Манас-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Фрунзе гипермаркетинин жарнама баннери алынган.  Ээлерине борбордун архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүнө дал келген жарнамалык баннерди орнотуу сунушталган.

Тышкы жарнамаларды жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча чарбалык субъекттердин жана мекемелердин ээлери менен да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.