СДЮСШОРдун базасында оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты аяктады.

Мелдешке 12 командадан (Бишкек шаарынын Оор атлетика спорт мектеби, Ынтымак спорт мектеби, РСК, Баткен, Ош, Токтогул, Орловка, Чүй облусу, Казарман, Көк-Сай, Кайнар, Кажы-Сай) 111 спортчу катышты.

Мелдештин максаты - Кыргыз Республикасында оор атлетиканы кеңири жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, райондор менен облустар ортосундагы достук байланышты мындан ары чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын Оор атлетика боюнча улуттук курама командасын толуктоо болуп саналат.

Мелдештердин уюштуруучулары - Дене тарбия жана спорт департаментинин  спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана КРнын  Оор атлетика федерациясы.

Оор атлетика боюнча Бишкек шаарындагы СДЮСШОРдун тарбиялануучулары байгелүү орундарга ээ болушту:

- I орун - Артыков Иззат, 73 кг салмакта;
- I орун - Кочкаров Курбан, 81 кг салмакта;
- 1-орун - Молдодосов Эмил 96 кг салмакта;
- I орун - Расулбеков Бекдөөлөт, 109 кг салмакта;
- I орун - Арзымбаев Аскар, +109 кг салмакта;
- II орун - Алмазбек Марлис, 55 кг салмакта;
- III орун - Чалов Кылымбек, 61 кг салмакта;
- III орун - Жайлообек уулу Азамат, 73 кг салмакта;
- III орун - Таиров Эльзар, 81 кг салмакта;
- III орун - Курбанахун уулу Дилмурат, 89 кг салмакта;
- III орун - Черепанов Константин, 102 кг салмакта;
- III орун - Минназаров Мухаммед, +109 кг салмакта.

Кыздар:
- I орун - Платова Анжелика, 64 кг салмакта;
- 1-орун - Бекболиева Айгерим, +87 кг салмакта;
- II орун - Байгачева Анисия, +87 кг салмакта.