"Жоокер ыры" аскердик - патриоттук ырларынын республикалык сынагында борбор калаанын мектеп окуучулары эки байгелүү орунду алышты.

Сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 3 номинация боюнча өттү. Ага шаардык жана облустук этаптардын жеңүүчүлөрү катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча "Согуш жылдарынын ырлары "номинациясында 1-орунду №23 окуу комплекс мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Влада Сидорова "Это просто война" ырын аткарганы үчүн алды.

"Көркөм окуу" номинациясында - №24 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Шамильбек кызы Элеонор Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынын монологун аткаргандыгы үчүн 3-орунду ээледи.

"Жоокер ыры" сынагынын бардык катышуучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грамоталары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын дипломдору жана баалуу белектер менен сыйланышты.