Октябрь акимиатында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйын өткөрүлдү.

Анын ишине Октябрь районунун акими Азамат Дороев, Октябрь районунун прокурору Кубанычбек Нуруллаев жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмирлан Зарылбек уулу катышты.

Күн тартибинде коомдук-саясий абал, билим берүү мекемелериндеги коопсуздук, кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Мектептерге видео байкоо орнотуу талкууланып, өзгөчө көңүл бурулду.

Аким жашы жете электер арасындагы кырсыктардын алдын алуу боюнча кызматтардын ортосундагы ишти жана байланышты күчөтүүнү тапшырды.