Биринчи май акимчилигинин жыйындар жайында район башчысы Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын төрагасынын орун басары – Биринчи май районунун прокурору Рахат Шергазиев, комиссиянын курамына башчынын  биринчи орун басары Райым Жолдошов, орун басары Аида Рысбаева, аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков, ошондой эле райондун өкүлдөрү кирди. КРнын МУКК, ИИМ, пробация органы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, билим берүү борбору, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, акимчиликтин жана МАБдын юристтери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук тартипти камсыздоо жана райондун тургундарынын коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн болгон социалдык-экономикалык жана башка көйгөйлөрү боюнча маалымат угулду.

Райондогу коомдук туруктуулук боюнча негизги абалдарынын бири жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу жана алдамчылык маселелерине токтолду.

Жыйындар квартал сайын, зарылчылыкка жараша кезексиз өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, комиссия Бишкек шаарынын аймагында укук бузуулардын алдын алууга көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамын аткаруу үчүн түзүлгөн.

Координациялык комиссиянын негизги милдети – укуктук, социалдык-экономикалык, психологиялык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка чаралардын тутумун куруу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү, ошондой эле кылмыштын кесепеттерине каршы күрөшүү менен гана чектелбестен, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү болуп саналат.