Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жыйындар жайында координациялык кеңешме болуп өттү.

Башчынын орун басары Аида Рысбаева, Биринчи май районунун прокурорунун орун басары Мелис Мурзаканов, Биринчи май районунун прокурорунун жардамчысы Аскат Көлбаев, ЖЖӨИ, райондук билим берүү борборунун (РББ), Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын (СРБ), №3,7 ҮМБ, МАБдын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде 2022-жылы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, жашоонун оор кырдаалына кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү маселелери каралды.

Жыйындын катышуучуларына райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын башчысы Максат Жапаров Биринчи май району боюнча 26 инспектор кызмат өтөп жаткандыгын билдирди. Акыркы бир жылда балдар тарабынан жасалган 70 кылмыш катталган.

Балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча 389 бала, жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 40ка жакын, үй-бүлөлүк зомбулук 19 факты катталган.

2022-жылы балдардын иштери боюнча комиссиянын 29 отуруму,  ЖЖӨИ жана МАБдын катышуусу менен 39 рейд түнкү клубдарга, балалуу адамдарга, кайырчыларга, иштеген балдарга 13 рейд, ошондой эле балдарды жеке коргоо боюнча бала жана үй-бүлө менен иштөө   үчүн 300дөн ашык план түзүлгөн.

Райондук билим берүү борбору аркылуу райондун бардык мектептеринде 4200 окуучуга «Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын жана зордук-зомбулуктун алдын алуу», «Жашоонун оор кырдаалына кабылган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо (ЖКК)», «Насвай, спирт ичимдиктерин жана тамеки тартуунун зыяны» деген темаларда лекциялар окулду.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жыйындын протоколу түзүлдү.