Октябрь районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарында оорулардын алдын алуу боюнча калк менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын уюштуруучулары №8 ҮДБ, ден соолукту чыңдоо кабинетинин дарыгери С.М. Молдалиева, ошондой эле башка дарыгерлер.

Дарыгерлер кургак учук, кызамык, корь, вирустук гепатит В ооруларын алдын алуу боюнча айтып беришти.

Мындан тышкары, тамеки, никотин, спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу тууралуу эскертишти.

Ошондой эле гепатити В вирустук, кызамык жана курч коронардык вирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүнө басым жасашты.

Жыйындын соңунда бардык катышуучуларга маалыматтык материалдар таратылды.