«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына кызматкерлер керек.

Инженер-сметчик талап кылынат. Өтүнмө ээсине талаптар:

- 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
- соттолгон эмес;
- кесиптик билими;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш тажрыйбасы;
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютер ж.б. техникаларды колдонуу, керектүү программарды билүү;
- тиешелүү чөйрө боюнча билимдүү жана көндүмдөр;
- кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ.

Ошондой эле 2  Камаз  айдоочусу керек:
•18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
•В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүк, тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
•так жана жоопкерчиликтүү.

1 таптагыч машинист
•18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
•Айдоочулук күбөлүк тракторист, стажы 2 жылдан кем эмес;
•жаман адаттары жок;
•ишке так жана жоопкерчиликтүү.

10жол жумушчулары:
•18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
•тажрыйбасы бар кесипкөй жумушчулар;
•жаман адаттары жок;
•ишке так жана жоопкерчиликүү;
•нормаларга жана талаптарга катуу ылайык иштерди аткаруу.

Урматтуу талапкерлер! Жаныңызда туура жазылган телефон номурун камтыган резюме болушу шарт.

Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин: Хвойная көчөсү 70, маалымат үчүн телефон: 0312377717.