Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Кызыл-Аскердеги Сельсоветская көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп келди. Жаңы имаратты пайдаланууга берүү 2023-жылдын июль айына белгиленген.

Кыдыруунун жүрүшүндө «Нак Строй» ЖЧКсынын подряддык уюмунун өкүлү район башчысына №1 ҮМБнын имаратынын курулушунун айланасында түзүлгөн кырдаал жана көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелер боюнча маалымат берди.

Курулуп жаткан имаратта биринчи жана жертөлөлөрүнүн кирпичтери көтөрүлүп, электр жарыгы берилген. Экинчи жана үчүнчү кабаттарда кирпич төшөө иштери уланууда. Жаңы имарат 150 кишиге ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1402 чарчы метр. Жаңы курулган имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, ванна бөлмөлөрү каралган.

№1 ҮМБнын жаңы курулган имараты Ленин районунун тургундарынын көбүрөөк бөлүгүнө ыңгайлуу шарттарда жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.