«Күлүк» ат спорт мектебинин базасында ат минүү боюнча Бишкек шаарынын чемпиону аныкталды.

Мелдештер Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ат спорту федерациясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Турнирге жалпысынан 20 спорттук жуп катышты.

Турнир жыл сайын өткөрүлүп, балдар арасында ат спортун кеңири жайылтуу, ошондой эле чоңдор категориясында эң күчтүү спортчуларды аныктоо жана үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ташкентте өтө турган эл аралык мелдешке катышуу үчүн негизги команданы түзүү максатында уюштурулуп келет.

Алдын ала “А” байге:
-1-орунга Алина Халова "Барон" аттуу ат менен 67 000%;
-2-орунду Ловчева Эвелина "Византия" деген каймана ат менен 63,125%;
-3-орунду Кузлякина Вероника "Юрий-Бойко" деген каймана ат менен 62,625% алды.

Алдын ала “Б” байгесинде:
-1- орунду Екатерина Киселева "Жизель" аттуу аргымакка 65,482%;
-2-орунду Алина Халова "Барон" аттуу аргымакка 64,892%;
-3-орунду Кузлякина Вероника "Жизель" аттуу жылкысы менен 63,892% алды.

"Лакосте" аттуу ат минген Лещинская Анастасия 65,771% упай менен жеңүүчү деп табылды. Экинчи сапта Новицкая Дана "Сагитта" аттуу атка 59,661%. Ал эми Рустемова Алуа "Византия" аттуу ат үстүндө 59,321% көрсөткүч менен чыгып, алдыңкы үчтүктү жапты.