Мэриянын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык, жер амнистиясына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылууда.

Бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган жарандардын тизмелери белгилүү:

Борбор калаада жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында жер амнистиясын ишке ашырууну жөнгө салуучу «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,  мунапыс объектилерине арыздарды кабыл алуу улантылып жатканын эске салабыз.

Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

- арыз ээсинин - жеке жактын өздүгүн  ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
- техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
- объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер);
- калктуу конуштардагы жер участокторуна чектеш жерди пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу.

Урматтуу шаардыктар, документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Список по Ленинскому административному району

Список по Октябрьскому административному району