Борбор калаада спорттун 11 түрү боюнча “Мектеп лигасы” уланууда.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун спорттук базасында уландар арасында ордо боюнча мелдеш өттү. Аларга Бишкек шаарынын орто мектептеринен жана гимназияларынан 16 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында уландар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкүдөй аныкталды:

- 1-орунду №5 мектеп лицейи командасы ээледи;
- 2-орунду №86 орто мектеби;
- 3-орунга №1 жалпы билим берүү мектеп гимназиясы ээ болду.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтери менен куттуктайт.