Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Индия Республикасынын шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде талкуулашты.

Өз кезегинде мэр Бишкек шаарынын мэриясы менен Нью-Дели шаарынын муниципалитетинин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.