Ленин акимиаты шаардык кызматтар менен биргеликте Садырбаев көчөсүнүн А.Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын жана веложолдун курулушун текшерди.

Курулуш иштери Бишкек шаарынын көрктөндүрүү долбоорлорун ишке ашыруу, шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана активдүү эс алууну өнүктүрүү максатында «Бишкекасфальтсервис» МИ тарабынан жүргүзүлүүдө.

Садырбаев көчөсүнүн түштүк тарабында жалпы узундугу 2,8 км болгон веложол менен тротуар курулууда. Учурда тротуардын жана веложолдун негизин даярдоо, тоскоол болгон объектилерди бузуу (демонтаждоо) иштери жүрүп жатат.

Курулуш иштерин 2023-жылдын май айына чейин бүтүрүү пландалууда.