Жарандардын көптөгөн кайрылуулары боюнча жана борбор калаанын бир нече борбордук көчөлөрүндө унаа кыймылын тартипке келтирүү максатында стихиялуу унаа токтотуучу жайлар жоюлду.

Алсак, Биринчи май районунда “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Киев жана Ю.Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жалпы узундугу 170 метр болгон бордюрларды орнотту.

Ушундай эле иштер Чүй проспектисинин боюнда,  «Рубин» зергер дүкөнүнүн маңдайында жүргүзүлдү. Анын узундугу 20 метрди түзөт.

Буга чейин бул аймактарда стихиялуу унаа токтотуучу жай болгондуктан,  унаа тыгыны пайда болчу.

Белгилей кетсек, бошотулган муниципалдык аймакка газон же жандуу тосмо отургузуу пландалууда.