Шаардын жаш тургундары «Тазалык» муниципалдык ишканасына экскурсияга барышты.

Ленин районунун билим берүү мекемелеринин 100дөн ашык окуучулары муниципалдык кызматтын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алар автобазада болушуп, анда борбор шаарды тазалоого күн сайын чыгып турган атайын техникалардын иши менен таанышты. Окуучуларга тазалыкты сактоо жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоо керектиги айтылды.

Ошондой эле экскурсиянын жүрүшүндө “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы окучууларга тазалык тууралуу видеоролик тартууну же флешмоб уюштурууну сунуштады. Ал эми окучуулар “Тазалык” МИнин инстаграм баракчасына материалдарды жөнөтө алышат (@mp_tazalyk_bishkek).

Жеңүүчүлөр атайын сыйлыкка ээ болушат.

МААЛЫМАТ: Экскурсия Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.