Быйыл кыртышта нымдуулукту мүмкүн болушунча көбүрөөк сактоо үчүн сугаруу эрте башталды.

Таң эрте “Асанбай” жана “Мураталы” каналдарынан арыктарга суу коё берилди. Учурда Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына секундасына 300 л. суу берилип сугарылууда.

Белгилей кетсек, борбордо сугат мезгили 1-апрелде башталат.