Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жетекчилик менен биргеликте рейд өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, салондогу камералар, аялдамаларды жарыялоочу үн коштоолор, трафареттер текшерилди.

Жетекчи 24 сааттын ичинде оңдоого муктаж троллейбустарды оңдоону тапшырды.

Санитардык талаптарга жооп бербеген троллейбустар жеринде жууп-тазаланды. Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү.

Мындай текшерүүлөр башкармалыкта айына эки жолу жүргүзүлөт.

Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 135 троллейбус каттамга чыгат.