Көчмө жыйындын алкагында Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Ленская жана Кара-Балта көчөлөрүн  текшерди.

Жыйынтыгында Кара-Балта  көчөсүн Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейинки узундугу 1000 метрден ашык жолдун катмарын атайын техниканын жардамы менен тегиздөө мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө  аким Ленская көчөсү 2023-жылга карата капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине киргизилгендигин, шаардык бюджет бекитилгенден кийин бул тилкеде Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейинки бөлүгүндө узундугу 1000 метрге жакын оңдолорун  билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Ленская көчөсү кейиштүү абалда, көп жылдардан бери оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет.