2023-жылдын 4 - апрелинде  саат 9:00 - 20:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы М. Фрунзе көчөсү, Манас пр., Жибек Жолу пр., Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешет.

Ичүүчү суу «Белинский» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.