5-апрелде саат 10:00дө Чүй проспектиси 315 дарегинде жайгашкан Ленин районунун акимчилигинде борбордун ишкерлери менен бизнес жолугушуу өтөт.

Жыйын жеңилдетилген насыялоо, чарба жүргүзүүчү субъекттерге кепилдик берүү жана башка маселелер менен таанышууга арналат.

Иш-чарага Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кепилдик фондунун өкүлдөрү катышат.

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациялары менен биргеликте уюштурууда.