Быйыл кыртышта нымдуулукту мүмкүн болушунча көбүрөөк сактоо үчүн сугаруу эрте башталды.

Таң эрте “Асанбай” жана “Мураталы” каналдарынан арыктарга суу коё берилди. Учурда Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына секундасына 300 л. суу берилип сугарылууда.

Ошондой эле Жукеев-Пудовкин көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Жантөшев көчөсүнө чейин, Юнусалиев көчөсү Донецк көчөсүнөн Ахунбаев жана Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин сугарылууда

Белгилей кетсек, буга катар эле ишкананын кызматкерлери тарабынан сугат мезгилине акыркы даярдыктар көрүлүп, С.Каралаев, Байтик-Баатыр, Жуков-Пудовкин жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн боюндагы арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жашыл аянттарды сугаруу мезгили 2023-жылдын 1-апрелинен тартып толук күчүнө кирет.