“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 6-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Панфилов, Манас, Фрунзе көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.