Билим берүү башкармалыгы №3 мектепте укук бузуулардын алдын алуу боюнча Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен маалыматтык кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.К. Раимбачаева, Бишкек шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. К. Кенжебаева, борбордун мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары В. А. Мозгачева, Бишкек шаарынын прокуратурасынын, Бишкек шаарынын ИИББ, Бишкек шаарынын ИИББ боюнча КККБнын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрация башчыларынын орун басарлары, ошондой эле РБББнын директорлору катышышты.

Кеңешме тез чара көрүү аракеттеринин алгоритмин күчөтүү жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында өткөрүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө директорлор тарабынан мектептин иштеши боюнча сунуштар жана каалоолор айтылды, аларды чакырылган түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана депутаттар эске алышты.