Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигименен биргеликте Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде дөңгөлөктөрдү жууган каражаттардын бар экендиги боюнча жана айлана тегерегиндеги санитардык нормаларды сактоосу боюнча  рейд жүргүзүүдө.

Акыркы убакта төмөнкү объекттер текшерилди: Октябрь районунда- 6 объект, Свердлов районунда - 4, Биринчи май районунда - 4, Ленин районунда - 6 объект.

Мыйзам бузуулар аныкталса, курулуш объектилеринен көчөнүн же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн булганышына жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлөт.

«Көк-Жар» конушунун Куйручук көчөсүн булгагандыгы үчүн «Монолит Строй» ЖЧК курулуш компаниясына протокол түзүлдү. Бирок тартип бузган тарап протоколго макул эмес. Документ комиссиянын кароосуна жиберилет.

Ошондой эле инспекторлор мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн эскертүүлөрдү беришет. Болбосо, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык чаралар көрүлөт.