Шаар тургундарынын коопсуздугу жана тартипти сактоо үчүн Биринчи май районунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда.

Эрдкиндик бульварынын 4 кесилиши, Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрү атайын жабдуулар менен жабдылып, жакында жүздү тааныган дагы 4 камера орнотулат.

Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.

Мындан тышкары соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагына жүзүн таануучу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камералар орнотулат.