«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда.

Бул сапар, жарыктандыруучулар Октябрь районунун аймагында иш алып барышты.

№ 6-кичирайондо № 56 мектептин түндүк тарабында 4 даана жарык берүүчү мамы  демонтаждалып, ордуна жаңылары орнотулду.

Ушундай эле иштер № 4 кичирайондо да жүргүзүлүп, 2 даана жарык берүүчү мамы  демонтаждалып, жаңысына алмаштырылды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

“Бишкекжарык" МИси социалдык тармактарда:

Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvett
Twitter: @Bishkeksvet