«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери башаламан таштанды фактыларын аныктоо үчүн түнкү рейддерге чыгышууда.

Курулуш калдыктарын, тигүү калдыктарын, малдын ичеги-карындарын, терилерин жана башка катуу таштанды категориясына кирбеген таштандыларды чыгаруу фактыларын аныктайбыз.

Рейддин жыйынтыгында 35 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Таштанды ыргыткан жарандарды аныктоо үчүн бардык материалдар Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Аларга Кыргыз Республикасынын « Укук бузуулар» кодексинин 115-беренеси боюнча айып пул салынат.

Эске салсак, Бишкекте мындай 20 пункт бар:

Ленин району боюнча:
- Фрунзе-Циолковский;
- Гагарин-Саранская;
- Айни-Муромская;
- Дагестан – Айни;
- Красноводский көчөсү №3 көчөлөрүнүн кесилишинде;

Свердлов районунда:
- Энергетиктер  шаарчасы  №5 үй;
- Гаражная-Салиева;
- Элебесов-Байкальская;
- Тула №½;
- Мусоргский-Фере көчөлөрүнүн кесилишинде;

Биринчи май району:
- Кайназарова-Троицкая;
- Кемин-Темиров;
- Дэн-Сяопин-Каракум;
- Рыскулов - Ак-Муз;
- Кайназарова — Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде;

Чоң-Арык:
- Кожобергенов-Мусулмакулов;
- Чортеков-Ак-марал;
- Чортеков-Күйүкова;
- Чортеков-Ахунбаев;
- Чортеков - Алты-Тутун  көчөлөрүнүн кесилишинде.