Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан «Кесибиңди өзгөрт» аттуу акциясы өттү.

№68 А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында «Балдарга жана жаштарга достук шаар» сынагынын алкагында «Кесибиңди өзгөрт» иш-чарасы өтүп, анда мектеп окуучулары мугалимдин ролун бир күн  сынап көрүштү.

Иш-чара мектеп окуучуларынын аң-сезимин жогорулатууга,  мугалимдерге канчалык оор экенин тажрыйба аркылуу айтууга багытталган.

9, 10, 11-класстын окуучулары өздөрүнөн кийинки класстарга беш предметтен сабак өтүштү.