Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциянын инспекторлору шаардык кызматтар менен биргеликте  7-апрель көчөсү,  №1/2 дарегинде  жайгашкан “Эл аралык бизнес илим университетинин” айланасындагы санитардык абалды текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө: чектеш аймакта тазалык тартибин сактабагандыгы, муниципалдык аймакка өндүрүш калдыктарын чыгаргандыгы, жашыл аянттарга зыян келтиргендиги, ирригациялык системаны тазалабагандыгы жана ыйгарым укуктуу органдын буйругуна ылайык ишембилик уюштурбагандыгы анкталган.

Бардык мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, университетке жана «Даража Инвест» ишканасына карата жалпысынан 92 миң сомго инспекция тарабынан протоколдор түзүлдү. Протоколдор акыркы өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелине чейин Бишкек шаарындагы бардык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан ишембилик өткөрүүгө милдеттүү.

Урматтуу ишкерлер! Сиздерден санитардык нормаларды, көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз. Болбосо,  протоколдор түзүлөт.