Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда.

Свердлов районунун комиссиясы тарабынан 70 материал каралып, алардын ичинен 37 арыз боюнча оң чечим кабыл алынган, 3 материал кошумча кароо  үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгөн, 30 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Комиссиянын иши башталгандан бери бардыгы болуп 2214 арыз каралып, анын ичинен 141 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 19 арыздан баш тартылган, 329 кошумча иликтөө үчүн тийиштүү кызматтарга жөнөтүлгөн жана 1726 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Биринчи май районунун комиссиясы тарабынан 52 материал каралып, анын ичинен 9 арыз боюнча оң чечим кабыл алынды, 9 материал кошумча кароо  үчүн тийиштүү кызматтарга жөнөтүлдү, 34у шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына  берилди.

Комиссиянын иши башталгандан бери 2054 арыз каралып, анын ичинен 52 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 27 арыз баш тартылган, 69сы кошумча изилдөө үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгөн жана 1906 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жөнөтүлгөн.