“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын жолдорду жамоо боюнча бригадасы борбор калаанын көчөлөрүндөгү жол кемчиликтерин жоюуда.

Азыр Чүй проспектиси боюнча Достоевский көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин иштер жүрүп жатат.

Буга чейин жол кемчиликтерин жоюу иштери төмөнкү жол тилкелеринде жүргүзүлгөн:

- Чүй проспектиси боюнча Сүйүмбаев көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү Манас проспектисинен Достоевский көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу проспектиси Турусбеков көчөсүнөн  Осмонкул көчөсүнө чейин;
- Л.Толстой көчөсү  Фрунзе көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү Түштүк магистралдан Совет чолок көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин.

Төмөнкү көчөлөрдү оӊдоо иштери пландаштырылууда:

- Алма-Ата көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Медеров көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин;
- М.Горький көчөсү Достоевский көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Жаш Гвардия бульвары Жибек-Жолу проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейин;
- Шопоков көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу проспектиси Осмонкул көчөсүнөн Бишкек шаарынын чек арасына чейин.

Ошондой эле, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугу үчүн Фирсов көчөсүн бойлой Фере көчөсү менен кесилишкен жерине, Фирсов көчөсүнүн Чаткал көчөсү менен кесилишине жана бала бакчага жакын жайгашкан жерлерге тиешелүү жол белгилери менен жасалма дөңчөлөр орнотулду. Ошондой эле, Көлбаев көчөсү №42 үйүнүн жанына жана №5 ҮМБнын алдына жасалма дөңчөлөрдү орнотуу пландалууда.