Свердлов районунун № 67 ОТК мектеп-гимназиясында “Сергек жашоо” жумалыгынын алкагында жана Кургак учукка каршы күнүнө карата «Кургак учукту амбулатордук дарылоо” деген темада 9-класстарынын окуучулары жана №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери Алсеитова Анара Келгенбаевна, “Сергек жашоо” ийримининин жетекчиси Герасимова Екатерина Николаевна менен биргеликте класстан тышкаркы иш-чара болуп өттү.

Бул иш-чарага чакырылган коноктор Свердлов районунун башчысынын орун басары Садыкова Асель жана Свердлов райндун Билим берүү борборунун тарбия иштери боюнча башкы адиси Пусурманова Айниса Ташматовна катышышты.

Класстан тышкаркы иш-чарада дарыгер темага байланыштуу лекциясын окуп берди.  

Ийримдин жетекчиси атайын даярдалган интернет платформа Kahoot менен викторина өткөрдү. Келген коноктор жана мектеп окуучулары викторинага активдүү катышышты.

Уюштурулган иш-чара окуучуларга ден соолукка кантип кам көрүү жана өзүн вирустук оорулардан кантип сактоо керектиги жөнүндө маалымат алышты.