№185 бала бакчанын базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар жана биргелешкен иш-чаралар талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун туура жана сапаттуу уюштуруу жана көзөмөлдөө, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде коопсуз, сергек билим берүү чөйрөсүн жана коопсуздук маданиятын калыптандыруу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча билим берүү уюмдарынын жетекчилерине  түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Жыйындын жыйынтыгында директорлорго педагогикалык жамаат, бакчалардын администрациялары арасында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бир катар иш пункттары боюнча тиешелүү чаралар көрүү тапшырылды.