Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик башкармалыгына жарандык коргонууга комплекстүү баа берилди.

Бишкек шаарынын мэри, жарандык коргонуунун башчысы Эмилбек Абдыкадыров тарабынан бекитилген 2023-жылга карата даярдык планына ылайык, жарандык коргонуунун кызматтарын жана объектилерин комплекстүү баалоо иштери башталды.

Мекеменин жыйындар залында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев, жетекчинин орун басары Замира Кангелдиева, башкы инженер Махабат Шамбетова жана мекеменин башка бөлүм башчылары менен жолугушту.

Бул комиссия “Жарандык коргонуу жөнүндө” КРнын мыйзамын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругун аткаруу максатында түзүлүп жатканын ӨКМдин Бишкектеги өкүлдөрү билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери комиссиянын иштерин айтып берип, кеңселерде өрт өчүргүчтөр каралып, аларды колдонуу эрежелери, ошондой эле өзгөчө кырдаал болгон учурда эвакуациялоо пландары текшерилди.

Бишкекбашкыархитектурасынын комиссиясы «Бишкекасфальтсервис» МИси менен биргеликте авариялык кырдаалда оптималдуу эвакуациялоо планын сунушташы керек.