Алсак, 2-апрелде саат 8:50дөн тарта Ала-Тоо аянтынан Чүй проспектисин бойлой Панфилов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жана Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына чейин көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат.

Катышуучулар Ала-Тоо аянтынан саат 9:00дө баштап, Д.Асанов атындагы сейил багында 10:30да жыйынтыкташат.

Эске салсак,  иш-чараны борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен Megacom компаниясы, «Велоfriends позитив KG”  ачык коому уюштурууда.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алууңуздарды суранабыз.