Бишкекте олимпиадалык резерв мектебинин 50 жылдык мааракеси белгиленди. Майрамдык салтанатка Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору катышты.

Виктория Мозгачева спортчуларды жеңиштери жана СДЮШОР мектебинин 50 жылдык мааракеси менен куттуктады.

50 жылдыктын урматына коңшу мамлекеттерден: Казакстан менен Өзбекстандан ар кандай курактагы командалар чакырылып, алар 10 күн бою уландар жана кыздар арасында спорттун 7 түрү боюнча мелдештерге катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө оюндарда жеңишке жетишкен улан-кыздарга медалдар жана кубоктор тапшырылды.

Спорт мектебинде спорттун 7 түрү боюнча 1600 окуучу билим алат. Мында 45 машыктыруучу да эмгектенет.