Таң эрте борбор калаада көрктөндүрүү жана жашылдандыруу айлыгынын алкагында жалпы ишембилик өтүүдө.

Ишембиликке шаардыктар, борбор калаанын мэриясынын,  шаардык кызматтарынын, мамлекеттик органдар жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлери  катышты. Катышуучулар   сейил бактарды, объектилерине жанаша жайгашкан аймакты, скверлерди тазалап,  бак-дарактарды отургузушту.

Муниципалитеттин аппараты Кыргызстан менен Түштүк Кореянын достугу аянтын (мурдагы «Физкультурный» паркы) иретке келтиришти.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарга активдүүлүгү жана өз шаарына болгон сүйүүсү үчүн ыраазычылык билдирет!