Бишкек шаарынын 145 жылдыгын белгилөөнүн урматына борбор калаанын мэриясы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа даярдады.

29-апрелде саат 18.00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында Бишкек шаарынын күнүнө карата майрамдык концерт уюштурулат.

Ошондой эле шаардыктар үчүн ачык концерттер жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

27-апрелде саат 14.00дө Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканасында (Чокморов көч., 246) илимий-практикалык конференция өтөт.

27-апрелде саат 18.00дө “Ынтымак-2” сейил багында Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын “Кыргыз руху”, “Сувенир” чыгармачыл топторунун концерти болот.

27-28-апрелде Фучик атындагы сейил багындагы Диалог маданият үйүндө концерт жана сынактар өтөт.

28-апрелде саат 11.30да Тоголок Молдо аянтында “Менин сүйүктүү шаарым” аттуу китеп көргөзмөсү болот.

28-апрелде саат 18.00дө Курманжан Датканын эстелигинин жанында Бишкек мэриясынын Маданият башкармалыгынын “Семетей”, “Доор” чыгармачыл жамааттарынын концерти болот.

Майрамдык иш-чаралар борбор калаанын төрт районунда тең өткөрүлөт.

ЛЕНИНСКИЙ РАЙОНУ:

25-29-апрель күндөрү саат 17:00дөн 19:00гө чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанында сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

29-апрель күнү саат 14:00дө №40 орто мектептин базасында шаар тургундары арасында спорттук кичи футбол оюндары уюштурулат.

29-апрель күнү саат 10:00дө Ак-Өргө конушунда (Ак-Өргө стадиону) кичи футбол боюнча спорттук оюндар өтөт. Мында №58 орто мектептин окуучулары жана «Чоң-Арык» МАБдын кызматкерлери «Чоң-Арык» музейине экскурсия жасашат.

«Локомотив» спорт комплексинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн саат 15:00дөн 18:00гө чейин коньки тебүү уюштурулат.

Билим берүү мекемелеринде класстык сааттар, ачык сабактар, флешмобдор, мастер-класстар менен көргөзмө жумалыктары өткөрүлөт.

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ:
27-апрель саат 14:00 сейил багында концерт болот. Панфилов атындагы балдардын чыгармачылык борборунун балдар коллективдеринин катышуусу менен.

28-апрелде саат 10:00дө Бишкектин социалдык-стационардык мекемесинин конокторунун катышуусунда флешмоб уюштурулуп, гелий шарларын учуруу акциясы өткөрүлөт.

29-апрелде саат 10.00 Бишкектин социалдык-стационардык мекемесинде И. Арабаев атындагы  КМУнун студенттеринин концерти өткөрүлөт, андан  кийин майрамдык кечки тамак уюштурулат. Саат 12:00дө "Коломто" муниципалдык ишканасынын коноктору үчүн майрамдык сый тамак уюштурулат.

ОКТЯБРЬ РАЙОНУ:
Билим берүү уюмдарында «Менин сүйүктүү шаарым», «Шаардын жазгы ойгонушу» деген темаларда класстык сааттар, сүрөт, дил баяндар өткөрүлөт.

28-апрель күнү саат 10:00дө Ынтымак-2 сейил багында флешмоб өтөт.

29-апрелде саат 18:00дө Ынтымак-2 сейил багында абанын булганышы көйгөйүнө арналган иш-чара өтөт.

СВЕРДЛОВ РАЙОНУ:

28-апрелде саат 10:00дөн баштап Каражыгач токою 5 зонага шарттуу түрдө бөлүнөт - маданият, көңүл ачуу, ден соолук жана спорт, чыгармачылык, тамак-аш зонасы, анда майрамдык жана оюн-зоок иш-чаралары параллелдүү өткөрүлөт.

Парктын коноктору үчүн:

- асфальтка, мольбертке жана башкаларга сүрөт тартуу боюнча ар кандай семинарлар уюштурула турган чыгармачылык зонасы;
- Спорт зонасы – спорт аянтчасында спорттун 5 түрү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлөт: пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш.

Көңүл ачуу зонасын уюштуруу үчүн батут орнотулат, балдар поезди, жеңил унаалар жүрөт, скутер жана велосипеддер ижарага берилет.

Маданият зонасында чыгармачыл жамааттардын майрамдык концерти, жаш манасчылардын оюну жана улуттук каада-салт боюнча театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулат.

Фуд-кар аянтына коноктордун тамак-ашын уюштуруу үчүн фуд-кар орнотулуп, балмуздак жана улуттук суусундуктарды сатуу уюштурулат.

3-апрелден 30-апрелге чейин Фейсбуктагы расмий баракчасында Шаар күнүнө карата челлендж уюштурулуп, өткөрүлдү.

Мындан тышкары 28-апрелге чейин спорттук иш-чаралар уюштурулат.

2-майда саат 9:00дөн баштап футзал боюнча ачык турнир өтөт. Футзал боюнча беттештер "Газпром балдар үчүн" спорттук-эс алуу комплексинин базасында өтөт. Турнирге Бишкек шаарынан жана өлкөнүн облустарынан командалар катышат. Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, тиешелүү даражадагы дипломдор, ошондой эле эстелик белектер менен сыйланышат.

29-апрелде саат 9:00дө №29 мектеп-гимназиясында баскетбол боюнча Бишкек кубогу-2023 турнири өтөт.

30-апрелде саат 10:45те Ынтымак сейил багында дуатлон боюнча Кубок өтөт. Спорттук иш-чарага Бишкек шаарынан, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана коңшу мамлекеттерден келген спортчулар катышат. Мелдештер жаш категориялары боюнча өткөрүлөт.  Ошондой эле, PVTI категориясы боюнча пара-спортчулар арасында мелдештер өткөрүлөт. Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, тиешелүү даражадагы дипломдор, ошондой эле спорттук кубоктор менен сыйланат.

10-11-майда саат 11:00дө «Газпром-Балдар» спорттук эс алуу борборунда  аялдар күрөшү боюнча улуттук турнир уюштурулат. Турнирге Бишкек шаарынан жана өлкөнүн облустарынан келген командалар, ошондой эле Беларусь, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан келген чет элдик командалар катышат.