Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №26 бала бакча ачылды.

Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленко көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин аяктады.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр.

Бала бакчанын сметалык наркы – шаардык бюджеттен 118 млн сомду түзөт.

Бала бакча медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр менен камсыздалган. Ойноочу жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары музыка сабагы үчүн өзүнчө бөлмө каралган.

Ошондой эле бала бакчанын аймагы жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулду.

Курулуш иштери «Гипер Строй» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.