Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 24-мартынан тарта Шүкүров көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш жумуштары башталат.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, көпүрө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнө салынып, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Шүкүров - райондук маанидеги башкы көчө.

Жогору жагы Ахунбаев көчөсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү каналга такалып, туюкка кептелчү. Долбоор ишке ашса, И. Ахунбаев менен Медеров көчөлөрү байланышат.

Мындан тышкары, борбор калаада Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду.

Ага ылайык Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды.

Мисалы, Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу бириктирилет.

Эскерте кетсек, учурда шаардын түштүк жана түндүк тарабын түз байланыштырган үч чоң трасса бар (7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Манас).