Бишкек шаарында акыркы убакта коомдук транспорттун катышуусундагы жол кырсыктары көп катталууда.

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы 2023-жылдын 29-сентябрынан 2024-жылдын 21-мартына чейинки бардык жол кырсыктарына анализ жүргүзгөн.

Жалпысынан коомдук транспорттун катышуусунда 80 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 17 (22%) фактыга автобустун айдоочулары күнөөлүү, 41 (52%) учурда жеке менчик унаалардын айдоочулары күнөөлүү деп табылса, 21 (26%) учур техникалык кеңеште каралууда.

Белгилей кетсек, ишканада жума сайын ички комиссия өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча жол эрежесин бузган айдоочуларга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки чаралар көрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы ошондой эле жол кыймылынын башка катышуучуларын коомдук транспорттун ишине лоялдуу болууга чакырат.