Биринчи май районунда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын бригадасы Көкчө-Тоо көчөсүндөгү Щербаков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоого киришти.
Ишкананын кызматкерлери   эксплуатация мөөнөтү өткөн асфальтты толугу  менен алып салышты.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жолдун бир тарабына тротуар куруп, ирригациялык системаны орнотуу пландалууда.
Учурда адистер сууну агып кетиши үчүн түтүктөрдү жана  дренаждык торлорду орнотууда.Жолдун негизин даярдоо үчүн аянты тазаланып, бетондор алынууда. Жакында ирригациялык системаны жана бордюрду орнотуу иштери башталат.
Урматтуу шаардыктар! Аталган көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү же ишкананын ишмердүүлүгү боюнча суроолоруңуз болсо 0755 419 841 Whatsapp номерине кайрылыңыз.