Бишкек шаарында жаңы форматтагы аялдаманын эшиги күч менен ачылып, айнеги сындырылган.

Аялдама Чүй проспектиси жана Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан. Бул окуя укук коргоо органдарына билдирилет. Учурда жагдайлар такталууда.

Эскерте кетсек, Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан мурда белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгы уурдап кетишкен.