Свердлов районунда жазгы спартакиада программасынын алкагында 2012-2013-жылы туулган уландар арасында мелдеш өттү.

Спорттук мелдештин максаты - балдарды активдүү жана сергек жашоого тартуу, ошондой эле таланттуу балдарды аныктоо болуп саналат.

Мелдеш спорттун 7 түрү боюнча өттү: кичи-футбол, тег-регби, дартс, шахмат, ордо, балдар үчүн жеңил атлетика жана пионербол.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча кичи-футбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү:
1-орун – №20 МАБ;
2-орун – №19 МАБ;
3-орун – №17 МАБ.

Дартс оюну боюнча:
1-орун – №20 МАБ;
2-орун – №19 МАБ;
3-орун – №18 МАБ.

Пионербол боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – №21 МАБ;
2-орун – №19 МАБ;
3-орун – №18 МАБ.

Тег-регби жеңүүчүлөрү:
1-орун – №21 МАБ;
2-орун – №19 МАБ;
3-орун – №20 МАБ.

Балдардын жеңил атлетикасы:
1-орун – №20 МАБ;
2-орун – №17 МАБ;
3-орун – №19 МАБ.

Ордо оюнун жеңүүчүлөрү:
1-орун – №21 МАБ;
2-орун – №17 МАБ;
3-орун – №19 МАБ.

Шахмат боюнча:
1-орун – №17 МАБ;
2-орун – №19 МАБ;
3-орун – №18 МАБ.

Белгилей кетсек, бардык жеңүүчүлөр жана экинчи орунду алгандар диплом, кубок жана медалдар менен сыйланышты.

Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.