Бишкек шаарында 2024-жылдын 29-март күнү саат 11:00гө карата төрт райондук администрациядан жана шаардык кызматтардан маалымат келип түшкөн. Алардын айтымында, борбор калаада катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, кулаган 70тен ашык бак-дарактар аныкталып, анын 68и алынып салынды.

«Бишкек троллейбус башкармалыгынын» 4 жерде бузулган троллейбус линиялары калыбына келтирилди: Салиева-Лермонтов, Элебесов-Щербаков, Интергельпо-Москва, Абдрахманов-Киев көчөлөрү.

Ошондой эле 66 объектинин чатыры жабыркаган, анын ичинен 26 социалдык имарат, 36 турак жай, 1 дүкөн, 1 трансформатордук көмөкчордон, 1 мончо, 1 электр станциясы.

Социалдык объектилерде шамалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери башталды. Жарыяланган өзгөчө кырдаалдын алкагында комиссия түзүлүп, анын корутундусунун негизинде жабыркаган бардык объекттерди калыбына келтирүү боюнча чечим кабыл алынат.

Белгилей кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан 50дөн ашык көчөдө санитардык тазалоо иштери жүргүзүлсө, түнкүсүн катуу шамалдан улам пайда болгон 5ке жакын тактар тазаланган. Санитардык тазалоо иштери улантылууда.

«Бишкек жарык МИ» линиясы боюнча линиялардын үзүлүшүнүн 10 учуру катталып, калыбына келтирилди жана шамалдын башка кесепеттери жоюлду. Текшерүүлөр уланууда. Кечке чейин шаар боюнча кесепеттер жоюлат. Ошондой эле, 2 кооптуу  тирөөч,  №62 мектепте 2 кондиционер демонтаждалды.