25-28-март аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан таштандыларды өрттөө боюнча 4 факты аныкталган. Эң  көп учурлар  Биринчи май районунда аныкталган.

Инспекторлор тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөн. Алсак, жеке ишкер Р.Б. А карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде  протоколу түзүлгөн. Ж. Гвардия бульвары, 2  боюнча таштанды өрттөлдү. Салынган айыптын суммасы 23 000 сомду түздү.

Шаар тургуну К.М Дэн Сяопин проспектисинин 409 дарегинде куураган чөптү өрттөп, КР Укук бузуулар кодексинин 3-бөлүгүнүн 115-беренеси менен протокол түзүлүп, 7500 сомду түзгөн айып пул салынган.

Ушундай эле мыйзам бузуу Биринчи май районунун Профсоюзная/Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде Б.У.Г жаран тарабынан жасалган. Бул тартип бузуучуга инспекторлор протокол түзүшкөн. Чыгарылган айыптын суммасы 7500 сомду түзгөн.

Андижанская, 111 дареги боюнча Свердлов районунда жаран А. К.Г. жеке үйүнүн аймагында таштанды өрттөгөнү аныкталган. КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде протоколу түзүлүп, 7 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Эскерте кетсек, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо жана өрттөө үчүн мыйзам бузуучулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык  жоопкерчиликке тартылышат. Жеке жактар үчүн айып 7 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 000 сом.