2024-жылдын 2-апрелинде төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну саат 9.00дөн 19:00 гө чейин берүү токтотулат.

Өчүрүү Достоевский, Анкара, Ауэзов -  темир жол,  көчөлөрү менен чектелет, ошондой эле  «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» турак жай конуштарында ичүүчү суу болбойт.

Ичүүчү суу  «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы  келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.