Биринчи май райондук администрациясында  райондун акиминин орун басары Айнура Арстамбекованын катышуусунда аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук боюнча жыйын өттү.

Жыйынга «Шанс» кризистик борборунун директору Елена Ткачева, МАБ башчылары, коомдук коопсуздук кызматынын жана ички иштер башкармалыгынын жетекчилери, билим берүү бөлүмүнүн директору,  социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, №3, 7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорлору, ошондой эле аялдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга зордук-зомбулук же катаал мамиле аныкталган учурда аракеттердин алгоритми боюнча презентация берилди.

Жыйындын жыйынтыгында аялуу үй-бүлөлөр арасында, өзгөчө балдар жана аялдарга карата профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы берилип, ошондой эле МАБ  башчыларына кризистик борборлорду, милиция кызматкерлерин тартуу менен калк арасында жолугушууларды уюштуруу сунушталды.

Ар бир зордук-зомбулук, өзгөчө балдарга жана аялдарга карата биздин токтоосуз кийлигишүүнү жана чечкиндүү аракеттерди талап кылат.

Маалымат: Зордук-зомбулуктан жабыркагандарга кызмат көрсөтүүчү борборлор:
- Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдары бар аялдарды убактылуу турак жай менен камсыз кылуучу «Мээрим борбору»,  (0312 644871);
- «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен балдары бар аялдар үчүн муниципалдык кризистик борбору (0312 653738);
- «Сезим» кризистик борбору, (ишеним телефону 0312 512640, 316466);
- ИИМ «102»;
- Балдар үчүн ишеним телефону «111»;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы “115”;
- Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 0312 67 03 86.