Бишкек шаарында борбор калааны жаз-жай мезгилине карата жашылдандыруу иштери уланууда.

"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери чөп чабууну төмөнкү даректер боюнча жүргүзүүдө: А.Токомбаев көчөсү, Ч. Айтматов проспектиси, Медеров көчөсү, Чүй проспекти Панфилов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектиси, Эмен паркында, ошондой эле Т. Турсунбаева скверинде.

Мындан тышкары, адистер Свердлов, Биринчи май, ошондой эле Октябрь райондору боюнча ачык жана жабык коллектордук-дренаждык тармактарды жана магистралдык каналдарды тазалоо иштерин жүргүзүшөт.

Буга катар эле Батыш Чоң Чүй каналы Тоголок-Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки таштанды калдыктарынан тазаланууда.

Санитардык бутоо  жана куураган өсүмдүтөрдү алуу иштери  Жал кичи району, Медеров, Краснодонцев, Киев, Панфилов, Исанов көчөлөрүндө жүргузүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарга жана ачык коллектордук-дренаждык тармактарга  (ОКДС) таштанды  таштабоону жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.